Ахыска түрктөрүнүн Ахыскадан сүргүнгө айланышынын 79-жылдыгына карата Бишкекте эскерүү иш-чарасы болуп өттү


  • 2023-11-15

Адамзат тарыхында суук, жакырчылык жана ачарчылык менен күрөшүп миңдеген адамдар каза болгон Ахыска түрктөрүнүн Ахыскадан сүргүнгө айланышынын 79-жылдыгына карата Кыргыз Республикасы түрк диаспорасы "Ахыска" коомдук бирикмеси тарабынан эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

2023-жылдын 14-ноябрында өткөрүлгөн эскерүү иш-чарасына Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана аны коштогон делегация катышты.  Ректор, профессор Жейлан сүргүндө каза болгондорго көңүл айтып: “Бул сүргүн адамзат тарыхындагы кара так. Биз, “Манас” университети, Ахыска түрк боордошторубуздун кайгысын тең бөлүшөбүз. Биз ар дайым алардын келечектеги күрөшүндө бирге болобуз,”-деди.

Келечекти куруу: Эскерүү иш-чаралары жана сезимталдуулук

Өз сөзүндө ректор, профессор Жейлан Ахыска түрктөрүнүн сүргүнүнүн 80 жылдыгына карата “Манас” университетинде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлө турганын белгилеп: “Ахыска түрктөрү үчүн уюштурулган эскерүү иш-чаралары өтмүштүн азаптарын эстеп, бул трагедиялуу окуяны келечек муунга жеткирүүдө чоң мааниге ээ. "Коомчулукта толеранттуулукту, түшүнүүнү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн өткөндү эскерүү - келечекти түзүүдөгү биринчи кадам,”-деп айтты.

Ошондой эле ректор, профессор  Алпаслан Жейлан бул оор мезгилде Ахыска түрктөрүн кучагына алган Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга ыраазычылык билдирип: “Бул тилектештик тарыхта адамзатка маанилүү үлгү көрсөтүүдө,”-деди.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган эскерүү иш-чарасында сүргүндө каза болгондорду эскерип, жаштардын акыл-эстүү тарбияланышы улуттардын бакубат жашоосу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы түрк диаспорасы "Ахыска" коомдук бирикмесинин төрагасы Атамша Дурсунов 1944-жылы 14-ноябрда сталиндик доордо Ахыска түрктөрүнүн мекенинен көчүрүлүп, вагондорго салынганын, бул окуяны эл ар дайым көзүнө жаш алып эскерип турганын баса белгиледи.

Атамша Дурсунов: “Оор кырдаалдын жыйынтыгында Борбор Азиянын жылуу кучагына кирип калганыбыз үчүн Аллахка миң мертебе шүгүр десек аздык кылат. Эң негизги муктаждыктарыбызды канааттандырып, нанын, үйүн биз менен бөлүшкөн кыргыз элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Бул чын ыкластуу тилектештик сүргүндө жана андан кийин бизге үмүт жана күч берди,”-деди.

Иш-чарада сүргүндө каза болгондорго куран окулду.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzooQmstxK4/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/5yvCW3hflLo?si=dCn8rkncOus6pel7

    Социалдык медиада бөлүшүү