“Манас” университетинде "Үй-бүлөнү пландоо" семинары


  • 2023-11-17

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана коом менен байланыш борбору менен кызматташтыктын алкагында студенттердин маалымдуулугун жогорулатууну максат кылган “Үй-бүлөнү пландоо - сен жана келечегиң үчүн маанилүү” аттуу семинар болуп өттү.

К. Тыныстанов жыйындар залында өткөн семинарда тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер тарабынан студенттерге туура үй-бүлө куруунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Ошону менен бирге үй-бүлө курууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, репродуктивдик ден соолук жана жугуштуу ооруларды алдын алууга байланышкан кеңири маалыматтар берилди.

Интерактивдүү семинардын  алкагында катышуучуларга үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча так маалымат алуу мүмкүнчүлүгү берилип, бул маанилүү тема боюнча студенттердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталды. Иш-чара жаштардын сергек жашоо жана келечекти пландоо үчүн аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түздү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzvHWdfNLmF/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/iVMHaqnh6Js?si=saP8CZz3Ct84BBjp

    Социалдык медиада бөлүшүү