Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы "Манас" телеканалында


  • 2023-11-17

2023-жылдын 17-ноябрь күнү саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы "ТРТ Аваз" - "Манас" телеканалдарынын биргелешкен түз эфиринде көрсөтүлөт.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Конгресс жана маданият борборунда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында уюштурулган “Конок өлкө Түрк тасмалары жумалыгынын” ачылыш салтанатынын гала программасын 2023-жылдын 18-ноябрында саат 18:00дө түз эфирден көрсөңүздөр болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү