Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам "Манас" университетин зыярат кылды


  • 2023-11-20

2023-жылдын 17-21-ноябрь күндөрү өтө турчу Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Кыргызстанга келген Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам «Манас» университетин зыярат кылды.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан министрдин орун басарын иш бөлмөсүндө кабыл алды. Өз сөзүндө министрдин орун басары университеттин акыркы эки жылдагы өзгөрүшүн жана өнүгүүсүн жогору баалаганын билдирди.

Министрдин орун басары, доцент Сердар Чам КТМУ жана ТИКАнын кызматташтыгы менен курулган күнөскананы кыдырып, университте ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат алды.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz1OBzaNxYd/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү