“Манас” университети Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында “Конок өлкө Түрк тасмалары жумалыгынын” гала программасын өткөрдү


  • 2023-11-20

Түрк киносунун султаны Түркан Шорай “Манас” университетинде

Борбор калаабыз Бишкекте 2023-жылдын 17-21-ноябрь күндөрү өтө турчу Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында “Конок өлкө Түрк тасмалары жумалыгынын” ачылыш салтанатынын гала программасын Кыргыз-Түрк “Манас” университети өткөрдү.  

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен уюштурулган жана түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган эл аралык кинофестивалдын ардактуу коногу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча Түркияда тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон актриса, түрк киносунун султаны Түркан Шорай болду.

“Манас” университетинде искусство бириктирген күч

2023-жылдын 18-ноябрындагы Түркия күнүнүн жана кино жумалыгынын ачылыш аземинин гала программасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары  Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу,  АК партиянын Стамбул депутаты, “Буудай даанасы” тасмасынын продюсери Серкан Байрам, 26-27-чакырылыштагы Орду эл өкүлү, “Йерли Дүшүнже” коомунун башкы директору Метин Гюндогду, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин кино департаментинин башкы директору Эркин Йылмаз,  “ТРТ Аваз” каналынын координатору Седат Сагыркайа, Түрк кинолору жумалыгынын координатору, режиссер Өнер Кылыч, Бишкектеги түрк уюмдары жана мекемелери, КТМУнун жалпы жамааты, студенттер, фестивалдын катышуучулары, көптөгөн кино жана басма сөз коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында Бишкекке келген режиссер Семин Капланоглу, продюсер жана режиссер Исмаил Фидан, продюсер Нарин Нур Акди, Эсра Гезгинжи, Мухаммет Эмре Кая, Бурак Хактаныр, Фатих Османлы, Жүнейит Каракуш, Ахмет Селим Тунжер жана гала программасында көрсөтүлө турган “Акыркы кечки тамак” тасмасынын кичинекей жылдызы Азра Аксу жана журналист Али Эйюпоглу да катышышты.

Гала программасы Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясына  коноктордун Асман килеминен өтүшү менен башталды. Иш-чарага акыркылардан болуп катышкан Түркан Шорайды кол чабуулар менен тосуп алышты.

 “Түрк киносунун султаны Түркан Шорай афишаларда” аттуу көргөзмө

Программанын башында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети тарабынан даярдалган “Түрк киносунун султаны Түркан Шорай афишаларда” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү.  Көргөзмө түрк киносунун султаны Түркан Шорай тарабынан ачылды. Афишаларда актрисанын роль ойногон тасмалары чагылдырылган көргөзмөнү көрүп абдан толкунданганын жана кубанычта болгонун билдирген кайталангыс талантка “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасындагы афишасынын жанында кызыл жоолук белекке берилди.

Көргөзмөнүн ачылышынан кийин иш-чара “Манас” университетиндеги Конгресс жана маданият борборунда уланды.

Алгач эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырып, андан соң “Манас” университетинин жана Бишкек эл аралык кинофестивалынын таанытуу тасмалары көрсөтүлдү. Иш-чара “Түркан Шорай” аттуу биографиялык тасманы көрүүчүлөргө тартуулоо менен уланып, андан соң кайталангыс талант, белгилүү актриса Түркан Шорай алгачкы ирет Кыргызстанга келгенде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен чыгармачыл жолугушуусун  баяндаган “Кыргыз жергесинде ностальгия” тасмасы көрсөтүлдү.

Түрк киносунун султаны Түркан Шорай сахнада

45 жылдан кийин кайрадан Ата Журтка келген Түркан Шорай ректор, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге сахнага чыкты.

Залда отурган коноктор ордуларынан туруп дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышканда Түркан Шорай аябай толкунданды.

Түркан Шорайга “Манас” университетине - 25 жыл” төш белгиси ыйгарылды

Түркан Шорайга “Манас” университетине - 25 жыл” төш белгиси ыйгарылды. Төш белгини ректор, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды. Абдан сонун тосуп алышканын айтып, сезимдери менен бөлүшкөн Түркан Шорай: “Мен бул университетке келгенимди эч унутпайм. Жалпыңыздарды сүйүү менен кучактайм. Сүйүүмдү да, жүрөгүмдү да бул жакка таштайм. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем! Жашасын Түркия Республикасынын достугу жана бир туугандыгы!”-деди.

Өз сөзүндө студенттерге кайрылып: “Жаштарыбыз дүйнөнү гүлдөтүшөт. Дүйнөнүн үмүтү жаштарда. Сиздерден сонун нерселерди күтөбүз. Аттиң, мен дагы сиздердин араңыздарда, ушул залда отурcам... Билим алуу, университтетти бүтүрүү, илим чөйрөсүндө болуу кандай сонун! Бул мүмкүнчүлүктү мыкты колдонуңуздар. Анткени абдан баалуу университеттесиздер. Биз сиздер менен сыймыктанабыз,”-деп, Кыргызстанга экинчи жолу келген Шорай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үйүн зыярат кылганын жана кайрадан жагымдуу эскерүүлөр көз алдына келгенин кошумчалады.

“Түркан Шорай бул  бир университет”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Түркан Шорай бул - мектеп. Түркан Шорай бул - университет. Чыңгыз Айтматов айткандай, бардык сезимдерди билдирүү үчүн сөздөр жеткиликтүү эмес Буга зарылчылык да жок.  Түркан Шорайды айтууга сөз жетпейт, ал биздин султаныбыз. Түркан Шорайды университетибиздин сыймыктуу мүчөсү катары кабыл алабыз, Залкар инсандын университетибизге келиши биз үчүн чоң сыймык. Бар болсун! Ден-соолугу бекем болсун! Ырас эле бул жактасыз,”-деди.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Түркан Шорай Кыргызстанга биринчи жолу келгенде тартылган сүрөттөрү бар картинаны белек кылды. Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам дагы актрисанын май боек менен тартылган портретин тартуулады.

 

Дүркүрөгөн кол чабуулар менен Түркан Шорай сахнадан түшкөн соң  иш-чара ачылыш сөздөр менен уланды.

“Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова күндүн маанилүүлүгүн баяндаган сөзүндө буларга токтолду: “Убагында дүйнөгө таанылган кыргыз кереметинин кайрадан жанданышына “Манас” университети да салым кошуп жатат. Окуу жайыбызда кереметти жараткан улуу инсандардын, залкарлардын жанында иштеп, чогуу жүргөн өнөктөш, тарапташ болгон, киноискусство бөлүмүн түптөгөн адамдар эмгектенишет. Жогорку квалификациялуу адистердин өсүп чыгышына окутуучуларыбыздын салымы чоң.”

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Бишкек эл аралык кинофестивалдын маанилүү бөлүгү конок өлкө катары чакырылган Түркия кино жумалыгы экенин айтып, кыргыз эли түрк тасмалары аркылуу боордош элдин тарыхын. маданиятын таанууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Өз сөзүндө министрдин биринчи орун басары эки өлкөнүн кино тармагындагы өкүлдөрүнүн кызматашуусун да арттырарын белгилеп, фестивалдын уюштурууга салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада 26-27-чакырылыштагы Орду эл өкүлү, “Йерли Дүшүнже” коомунун башкы директору Метин Гюндогду Бишкек эл аралык кинофестивалдын алкагында өткөрүлгөн “Конок өлкө Түркия кино жумалыгынын” маанилүүлүгүнө токтолуп, түрк киносу жараткан ийгиликтер тууралуу сөз кылып, өз кезегинде актер, актриса жана режиссерлорго ыраазычылык билдирди.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам коноктор менен учурашып, “Тарыхыбыздын эң сонун мезгилинде, Республикабыздын 100 жылдыгында мындай маанилүү иш-чарада бизди жолуктурганы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ыраазычылык билдирем,”-деди.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам “Конок өлкө Түркия кино жумалыгынын” алкагында “Акыркы кечки тамак” аттуу тасмасы көрсөтүлөрүн белгилеп, тасмада өтмүштүн азаптарын сезүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Министрдин орун басары, доцент Сердар Чам түрк мамлекеттеринин орток баалуулуктарын баса белгилеп, түрк дүйнөсү биримдик менен күчтүү болорун билдирди. Ошондой эле XXI кылымдын Түркияда да, түрк дүйнөсүндө да маанилүүлүгүн белгилеп искусствонун күчүнө токтолду.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин галага катышкан бардык өнөр адамдарына гүлдөр тартууланып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Андан соң Түркия Республикасын жарыялоодон бир күн мурунку окуяларды чагылдырган Левент Онандын “Акыркы кечки тамак” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.

Эл аралык кинофестиваль Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин салымы, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек элчилиги, ТИКА, Юнус Эмре институту жана “Йерли Дүшүнже” коомунун колдоолору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаменти жана  Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташуунун алкагында өткөрүлүүдө.

“Конок өлкө Түрк тасмалары жумалыгынын” алкагында бир нече тасма көрөрмандар менен жолугуп, тасманы жаратуучулар менен питчингдер өткөрүлөт. Ошондой эле “Манас” университетинде түрк дүйнөсүнүн маанилүү инсандарын жана окуяларын анимациялык тасмага айландыруу максатында анимация боюнча тренингдер өткөрүлөт.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Czy6AbRN3N0/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/Czy6SfJNIpl/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Canlı Yayını:

https://www.youtube.com/live/Ky4ELa9bElA?si=FfT4M91cPrpTDryd

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/JZA_yCvtwz0?si=-3ymSYaiI5ay4ATN

    Социалдык медиада бөлүшүү