"Манас" университети "Айыл тургундары менен жолугушуулары долбоору менен туруктуу өнүгүүгө салым кошууда


  • 2023-11-21

2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигинин астында иш алып барган "Айыл тургундары менен жолугушуу” социалдык жоопкерчилик долбоору Чүй облусуна караштуу жалпы билим берүү мектептери менен жолугушууларды өткөрдү.

Университетибиздин  делегациясы бул ирет Ысык-Ата районундагы Динара Мамашева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде, Кемин районунун, Карал-Дөбө айылындагы Сабудин Кудайберген атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде жана Тегирменди айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектебиндеги мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту.

"Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полаттын жетекчилиги астында иш алып барган долбоордун элет тургундары менен жолугушууларына ректораттын кызматкери Бакытбек Исмаилов, айыл-чарба факультетинин окутуучусу, профессор Исмаил Эрпер жана ага окутуучу Таир Эсенали уулу, ветеринария факультетинин окутуучусу, профессор Руслан Салыков жана илимий кызматкер Айдай Жунушова, инженерия факультетинин окутуучусу Чынара Жумабаева жана Айбек Адамбаев менен башкаруу бөлүмүнүн кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу катышты. Мындай өз ара аракеттенүү коомдун күнүмдүк турмушундагы кыйынчылыктарды жакшыраак түшүнүүгө жана бул кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун табууга алып келет деп үмүттөндү.

Профессор Кемал Полат долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан жолугушуулардын максаты - элет тургундары менен баарлашуу, көйгөйлөрүн угуу жана чечүү жолдорун табууга жардам берүү экенин белгиледи.

Ветеринария факультетинин профессору Руслан Салыков Тегирмен айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектебиндеги жолугушууда буларга токтолду: “Бул мектептин атын алып жүргөн Белек Солтоноевдин иниси Жанек Солтоноев Кыргызстандагы ветеринария тармагынын башында туруп, бир нече ветеринариялык пунктарды ачып, чет өлкөдөн адистерди алып келип бул тармактын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.”

Иш-чарада кесипкөй адистерден турган делегация университетибиздин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, артыкчылыктарына токтолуп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Жолугушуулардын катышуучулары “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери билим берүү мекемелерине келип, элет тургундарына жана студенттерине ар тараптуу маалымат берип жатышканына ыраазычылык билдиришти.

Элет жергесиндеги жолугушуулар эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cz53JFdtbRh/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: https://youtu.be/4m0FrpsSf2k?si=1X5QNmSRGsNX6TPh

    Социалдык медиада бөлүшүү