Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ТҮРКПАнын 15 жылдыгы менен куттуктоосу


  • 2023-11-21

Быйыл Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин башын бириктирген Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы – ТүркПА уюму түзүлгөндүгүнө 15 жыл толду.  

Тарыхка кайрылсак, 2008-жылы сентябрда Стамбул келишимине кол коюлуп,  2009-жылы сентябрда Баку шаарында жаңы уюмдун биринчи пленардык отуруму өткөн. Ушул учурдан баштап, ТүркПА кызматташ мамлекеттер ортосунда эл аралык уюмдар арасында абройлуу уюм, натыйжалуу диалогдун жана кызматташтыктын аянтчасына айланды. Ошондой эле түрк боордош элдерибиздин жана улуттук-маданий дөөлөттөрү орток болгон мамлекеттерибиздин биримдиги менен ынтымагынын мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзүп келет.

«Ынтымак – тынчтыктын ачкычы, достук – бакубатчылыктын жарчысы» деп кыргыз даанышмандыгы айткандай, биз терең тарыхый байланыштарыбызга, көп жылдык достукка жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыгыбызды мындан ары да арттырышыбыз керек. Биргелешкен аракеттер менен гана саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды бекемдей алабыз.

15 жыл аралыгында ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө, чыңдалышына салым кошкондорго ыраазычылык билдирүү менен кызуу куттуктайм! Боордош шериктеш түрк элдерине ажырагыс биримдик, ынтымак, өнүгүү каалайм!

    Социалдык медиада бөлүшүү