УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ ПРОФЕССОР АЛПАСЛАН ЖЕЙЛАНДЫН 24-НОЯБРЬ - МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО СӨЗҮ


  • 2023-11-23

24 НОЯБРЬ - МУГАЛИМДЕР КҮНҮБҮЗ КУТ БОЛСУН!

 “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт”

Гапыр Мадаминов

 Кымбаттуу агай-эжейлер!

Мугалимдик кесип – эң байыркы жана ыйык кесип, күжүрмөн эмгек, тынымсыз изденүү, тынбаган аракет, талыкпаган эмгек жана чоң жоопкерчилик. Бул ыйык милдетти аткаруу жарык дүйнөгө келген инсанды калыптандыруу жана анын жашоонун маанисин түшүнүүсүнө жардам берүү аракетинен келип чыгат. Бул процесс адамдын жан дүйнөсүнө жана жүрөгүнө жарык нурун чачуудан башталат. Ошондуктан, мугалимдик – бул жүрөк аркылуу жасалган иш. Өз жанын аябагандыкты, жоопкерчиликти, сабырдуулукту талап кылган кесип. Мугалимдик адамдын жан дүйнөсүн жаркытуудан башталат, бирок муну менен эле чектелип бүтпөйт. Жан дүйнөнү жарыктандыруу – темирди формага салуудан мурда аны ысытуу сыяктуу. “Адам өзү сүйгөн адамдан гана бир нерсени үйрөнөт”.

Жүз миңдеген жылдардан кийинки учурду ойлоп, бир муунду тарбиялап өстүргөн, акыл-эстүүлүк менен иш алып барган лидер мугалим окутуунун эң жакшы ыкмасы окуучуларга жакшы үлгү көрсөтүү экенин билет. Ал өзүнө жана бири-бирине окшош окуучуларды тарбиялоонун ордуна ар бири изгиликке умтулган, бирок ар бири өзүнчө бир дүйнө болгон окуучуларга өздөрүнүн дараметин ачууга жардам берет. Ал чөйрөсүн жана окуучуларын өзгөртүүгө аракет кылган учурда да өзүн-өзү өнүктүрүүнү жана өзгөртүүнү эч качан унутпайт. Ал чыныгы мугалим болуунун ак ниеттүүлүктүн, тынбаган аракеттин, илимдин, ыкманын, баарлашуунун, көп эмгектин жана көп нерсени окуп билүүнүн натыйжасында жүзөгө ашарын билет.

Урматтуу агай-эжейлер!

Чоң жоопкерчиликти талап кылган мугалимдик жалаң гана кесип эмес, инсандык жана улуттук асыл сапат. Сиздер тынымсыз аракетиңиздер менен жаштарыбыздын акыл-эс, маданий, социалдык, улуттук жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн чыныгы куруучусуңар. Сиздер түрк улутунун бар болушуна жана келечегинин курулушуна ар дайымкыдай эле бүгүн да салым кошуп келесиздер.

Жаштарыбызды таарынтпай, капалантпай, чарчатпай, аларга сүйүү жана камкордук менен билим берип, Алладан берилген күчтүү жана өзгөчө сабырдуулук менен тарбиялап өстүргөн, бул ыйык кесипти тандаган, кесиптин материалдык жана моралдык жоопкерчиликтерин өзүнө алган, жаштарыбыздын потенциалын ачкан, аң-сезимдүүлүгүн түптөгөн, кандай гана шарт болбосун, абийири менен иштеген, өзүнүн чексиз мээрими менен ишеним берген, бардык кыйынчылыктарга карабай: “Мугалим болгонума кубанычтамын” деп сыймыктануу менен айта алган кең пейил окутуучуларга өзүмдүн жана жалпы “Манас” үй-бүлөсүнүн атынан терең ыраазычылык билдирем.

Кесиптешиңиз болгонума сыймыктанам жана сизди Мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Ушул сезимдер жана ойлор менен окуу жайыбыздын окутуучуларына жана бардык башка кызматкерлерине бекем ден соолук, узун өмүр, иштеринде ийгилик, ал эми ардактуу эс алууга чыккан окутуучуларбызга бекем саламаттык, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм. Дүйнөдөн кайткан окутуучуларыбызга Алладан ырайым тилеймин.

                                                                      

                                                                                                     Профессор Алпаслан Жейлан  

                                                                                                           Ректор  

    Социалдык медиада бөлүшүү