Самарканд түркология илим-изилдөө институтунун “Манас” университетине иш сапары


  • 2023-11-25

2023-жылдын 24-ноябрында “Түрк цивилизациясы” конгрессинин алкагында “Манас” университетине келген Өзбекстандын Самарканд түркология илим-изилдөө институтунун академиктери окуу жайыбызды зыярат кылышты.

Иш сапардын алкагында “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолуккан академиктер окуу жайыбыз менен билим, маданият жана искусство тармагында эки тараптуу кызматташтыкты түзүүгө болгон каалоолорун билдиришти.

Ошондой эле биргелешкен долбоорлор жана окутуучулар үчүн алмашуу программалары аркылуу “Манас” университетинин зор тажрыйбасынан пайдаланып, түрк дүйнөсүнө кызмат кылууну каалашарын белгилешти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0CSx-st2zx/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү