“Манас” университетинде 24-ноябрь – Мугалимдер күнү шыктануу менен белгиленди


  • 2023-11-26

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тилдер жогорку мектеби тарабынан мугалимдер күнүнө карата даярдалган иш-чара конгресс жана маданият борборунда шыктануу менен белгиленди.

Иш-чара эки өлкөнүн улуттук гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң Түрк тарых коомунун мугалимдер күнүнө карата даярдаган даректүү тасма көрсотүлдү.

Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Режаи Доган мугалимдердин бул өзгөчө күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чаранын ачылыш сөзүндө “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигинде билимдин дарсканаларда гана болбогонун, ошол эле учурда адамдардын жанында болуу аркылуу да жанданганын баса белгиледи.

Профессор Режаи Доган өз сөзүндө: “Биздин маданиятыбыз айтып тургандай, бир адамдын жашаганына себеп болгон нерсе бүтүндөй адамзатты жашаткандай болот,”-деп “Манас” университетинин ушундай түшүнүк менен иш алып барып жатканын белгиледи. Профессор Режаи Доган бул сөздөрү менен мугалимдик – билим берген гана кесип эмес, коомго, адамзатка кызмат кылган ыйык милдет экенин билдирди.

Андан соң сөз сүйлөө үчүн сахнага чыккан ректор, профессор Алпаслан Жейлан коомдун көңүлүндө өзгөчө орун алган окутуучуларыбызды эстөө жана урмат менен саламдашуу максатында чогулушканын билдирди.

Келечекке багыт берип, жол көрсөтүүчүлөр: Мугалимдер

Мугалимдин милдети жөн гана билим берүү менен чектелбегенин айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан окутуунун чыныгы күчү студенттин жан дүйнөсүнө кирүү менен башталып, а анын адамдын жүрөгүнө кирүү менен уланарын белгиледи. Мунун менен көңүл алуунун маанисин түшүндүргөн кызыктуу аңгемени айтып берип, “Манас” университетинин окутуучуларына кайрылып: “Ар бириңиздер келечегибиздин архитекторлору катары муундарды тарбиялоодо чоң роль ойноп жатасыздар.  Сиздер көчөт кантип сугарылат, кантип өсөт, кандай күчтүү бакка айланганын билген багбансыздар. Ар бир студент сиздердин колуңуздарда сейрек кездешүүчү гүлдөй өсүп, коомго, адамзатка салым кошот.”

Ошондой эле ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө аттары жүрөгүбүздө жазылып калган шейит кеткен мугалимдерди ырайым жана ыраазычылык менен эскерип, бул баатыр мугалимдерди унутпай, алардын жолун улантаарына ишенерин билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан студенттерге карата эмоцияга толгон сөздөр менен аяктады: “Урматтуу студенттер, силер катардагы студенттердей көрүнүшүңөр мүмкүн, бирок менин көз алдымда силер жөн эле студент эмессиңер, менин кымбатымсыңар.”

Карыбек Молдобаев атындагы стипендиянын жеңүүчүлөру аныкталды

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Карыбек Молдобаев атындагы стипендияны жеңген үч ийгиликтүү студенттер сахнага чакырылды. Карыбек Молдобаевдин үй-бүлөсү тарабынан берилген стипендиялар колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн студенти Альбина Сатыбалдиевага, педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенти Бермет Кеңешовага жана филология бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын студенти Алтынай Рахатовага тапшырылды.

Иш-чарада башкы мугалим Мустафа Кемал Ататүрк баштаган бардык шейит кеткен окутуучуларыбызды жана келечек муундарга жарык берген мугалимдерибиз үчүн даярдоо курсунун студенттери тарабынан даярдалган ырлар, хорлор менен коштолду.

“Манас” университетинин окутуучуларынын ийгилиги

Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан “Тил үйрөтүү” программасына кошкон салымдары үчүн доцент Мира Ибраева, доцент Рахат Алишева, Айнура Ахматова, Бакытбек Жунусалиев жана Сааткан Наркулова ардак грамоталар менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги да өзгөчө салымы жана ак эмгеги үчүн билим берүү кызматкерлерин сыйлады. Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн доцент Рита Исмаилова, доцент Гүлмира Саматова, окутуучу Кымбат Асанова жана Өмүрзак Исаевга ардак грамоталар ыйгарылды.

Министрлик тарабынан тапшырылган “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен доцент Замиргүл Казакбаева, доцент Күлүмкан Сартова жана доцент Айгүл Усубалиева сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун өздүк курамы үчүн уюштурулган түрк курсунда эмгектенген доцент Кадир Йогуртчу, доцент Зафер Алтун, доцент Кенан Йылдырым, Мемет Салдыран жана Ахмет Ташка салымдары үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чара студенттердин мугалимдерине гүл белек кылуу жана бул өзгөчө учурду эстеликке сүрөткө тартуу менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0Cbj_StSt_/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/dKsIwjGdPBM?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү