КТМУда университтер аралык “Кыз-жигит сармерден” оюну өткөрүлдү


  • 2023-11-27

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында “Манас” университетинде университеттер аралык “Кыз-жигит сармерден” оюну өткөрүлдү.

Байыркы көчмөн кыргыздардын арасына кеңири тараган кызыктуу оюн сармерденде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кыздары менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жигиттери таймашышты.

Таланттардын таймашы 2 саатка созулуп, жыйынтыгында калыстар тобу эки тараптын оюнга даярдыгын жогору баалап, университеттер ортосундагы достук алака бекемделе берсин деген максатта тең чыгышканын жарыялашты.

Сармердендин соңунда эки университеттин жетекчилиги бири бирине ыраазычылык кат жана атайын белектерди ыйгарышты. Бул маңыздуу иш-чара маданий байланышты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн маанилүү кадам катары бааланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0IskQ-Nkil/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/6Wc2vuyAtac?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү