“Манас” университетинде “Түркия Стипендияларын” таанытуу программасы өткөрүлдү


  • 2023-11-27

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде  Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын “Түркия Стипендияларын” таанытуу программасы өткөрүлдү.

Таанытуу иш-чарасына Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эрен жана анын орун басары Мурат Казанжы, “Түркия Стипендиялары” программасынын координатору Эмруллах Бүлбүл менен бирге Түркия Республикасынан келген коноктор, университетибиздин окутуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Түркия Стипендиялары” программасынын координатору Эмруллах Бүлбүл аталган билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрүнө тартуулай турган мүмкүнчүлүктөрү, билим берүүнүн сапаты, артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берди.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасынын орун басары Мурат Казанжы өз сөзүндө “Түркия Стипендиялары” программасынын алкагында дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн 150 миң студент Түркия Республикасынын университеттерин ийгиликтүү аяктаганын белгилеп, “Манас” университетинин студенттерине аталган программага табыштама жөнөтүүнү сунуштады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0JdskJNcaQ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0Jhj7ftWG1/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү