2023-жылдын декабрь айы – “Манас” БТЖБнын чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы


  • 2023-11-28

2023-жылдын декабрь айында өткөрүлө турган чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагына (Manas YDSTS) катталуу шарттары төмөндөгүдөй:

Сынак өткөрүлчү күн: 2023-жылдын 10-декабрь, жекшемби күнү

Сынактын башталыш убактысы: 10:00 

Сынак өткөрүлчү жер: КТМУ, Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарча, коммуникация факультети

Каттоо күндөрү: 2023-жылдын 04-07 декабрь күндөрү

Сынакка катталуу:

  • Сынакка катышуу үчүн арыздар https://info.manas.edu.kg/sinav/ веб-баракчасында онлайн түрдө толтурулат.
  • Аталган веб-баракча Кыргызстан убактысы боюнча 04 декабрь дүйшөмбү күнү саат 08.30да ачылып, 7 декабрь бейшемби күнү саат 23.59да жабылат.
  • Сынакка катышуу акысы - 500 сом.
  • Сынакка катышуу акысын Демир Кыргыз Интернэшнл Банктагы 1180000049331477 сом эсебине которуу керек.
  • Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын эсебине которулуп төлөнгөн квитанция катталуу формасына жүктөлүшү керек. Төлөм квитанциясы катталуу формасына жүктөлбөгөн талапкер сынакка кабыл алынбайт.
  • Талапкер катталуу формасына акыркы сүрөтүн жүктөшү керек. Катталуу формасында сүрөтү жок талапкердин арызы кабыл алынбайт.
  • Каттоо боюнча толук маалыматты “nazgul.shakiyeva@manas.edu.kg” электрондук почта дареги аркылуу жооптуу кызматкерден алсаңыз болот.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

1) Түркия Республикасынын жарандары үчүн жарактуу паспорт же инсандык күбөлүгү/ Түркия Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы талап кылынат.

2) Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн жарактуу (мөөнөтү өтө элек) паспорт талап кылынат.

3) Сынакка кирүүгө уруксат кагазынын принтерден басылып чыгарылган түрүн алып келүүсү зарыл.

4) Сынакка уюлдук телефон, акылдуу саат ж.б.гаджеттер менен кирүүгө тыюу салынат.

    

 

                                                                                                                                        “Манас” БТЖБ башчылыгы

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү