Суфизм, даанышмандык жана мейдан мешклери жамааты “Манас” университетинде. Суфий музыкасы концерти


  • 2023-11-29

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2023-Мевлана жылы жана дүйнөдөн кайткандыгынын 750 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу көркөм өнөр башкармалыгынын Суфизм, даанышмандык жана мейдан мешклери жамааты тарабынан аткарылган суфий музыкасы концерти университетибиздин ректоратынын жыйындар залында өттү.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, окутуучулар жана студенттер катышты.

М. Фатих Чытлактын Хижаз жана Нихавенд макамдарынан ырларды ырдаган көркөм концертте катышуучулар унутулгус көз ирмемдерди өткөрүштү. Көрүүчүлөр суфизмдин түпкүрүнөн чыккан обондор, жан дүйнөнү эркелеткен күүлөр менен искусствонун, музыканын дүйнөсүнө саякат жасашты.

Иш-чаранын соңунда “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө М. Фатих Чытлакка ыраазычылык билдирип: “Сүйүү менен жүгүргөн чаалыкпайт. Бул топ сүйүү менен жүгүрүп келет. Аллах алардын жолун ачык кылсын,”-деди.

“Жалгыз канаттуу куш уча албайт, биздин эки канатыбыз бар: улутубуз жана Ислам"

Өз сөзүндө Түркстандын географиясына токтолгон ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Жалгыз канаттуу куш уча албайт, бирок эки канаты болсо уча алам. Биздин бир канатыбыз – улутубуз, экинчи канатыбыз – Ислам. Экөөнү бириктиргенибизде гана дүйнөнү атак-даңк жана ар-намыс менен башкара алабыз, биздин бар экенибизди дүйнөгө далилдей алабыз,”-деди. Ректор Жейлан бул билдирүүсү менен Исламдын бириктирүүчү күчүн баса белгиледи.

“Ахмет Йесевилер, Имам-и Раббанислер жана көптөгөн олуяларыбыз менен бирге бул географиядан Анадолуга жарык жана нур чачып келдик. Бизди “көчмөн” дегендер чындыкты бүгүн Фатих агайыбыз жана агаларыбыз аркылуу көрүштү. Анадолудагы Юнустар менен Балкандагы Сары салтуктар бүгүн мекенине кайтышты,”- деди.

Концерттин соңунда Суфизм, даанышмандык жана мейдан мешклери жамаатына кошкон салымдары жана чыгармачыл ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылып, гүл тартууланды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети искусство менен маданияттын  бириктирүүчү күчүн дагы бир ирет көрсөтүп, студенттерине жана конокторуна унутулгус маанай тартуулады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0MbPW8tCJZ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0MjcWhtUWs/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү