Ректор, профессор Алпаслан Жейландын Ош облусуна сапары


  • 2023-12-01

Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жолугушууларды өткөрүү үчүн Ош облусуна сапар алды.

Ректор Жейлан М. Фатих Чытлак жана ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган менен биргеликте Өзгөн районундагы Ханафий фикхинин маанилүү аалымдарынан имам Серахсинин күмбөзүн да зыярат кылды.

Андан соң ректор Жейлан Өзгөн районундагы Дөң-Булак түрк айыл аймагына барып, элет тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүнөн кабар алды. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан айылдагы “Жыргалай” балдар бакчасына да барып, балдар жана кызматкерлер менен жолугушту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0TAPR2tEKp/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү