"Манас" университетинде “Эмоционалдык интеллект” тренинги өткөрүлдү


  • 2023-12-02

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору тарабынан өткөрүлгөн семинарда студенттерге эмоционалдык интеллекттин маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. 

Тренингде эмоционалдык интеллект - бул жалгыз эле биздин сезимдерибиз эмес, ошол эле учурда башкалардын сезимдерине сый-урмат көрсөтүү, эмпатия куруу, эмоционалдык абалды башкара билүү да жөндөмү экени айтылды. Катышуучуларга эмоционалдык интеллекттин күнүмдүк жашоодогу жана социалдык мамиледеги маанилүү роль ойногонун, адамдар ортосундагы байланышты бекемдегенин жана оң таасир бергенин түшүндүрүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер IQ жана EQ, алардын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө да деталдуу маалымат алышты. Эмоционалдык интеллект инсандын эмоционалдык интеллект деңгээлин көрсөтсө, IQ математикалык жөндөмдөрдү, логика жана тил жөндөмдөрүн камтыган толугу менен логикалык процесс экени айтылды. Бул интерактивдүү семинар студенттерге эмоционалдык интеллект тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу инсандык өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CzbEVrXNCtI/?utm_source=ig_web_copy_link

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0Vl1sFITsf/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү