“Манас” университетинде спорт илимдери факультетинин студенттери үчүн “Кош келиңиз, биринчи курс жана ант берүү” аземи өттү


  • 2023-12-02

2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин студенттери үчүн “Кош келиңиз, биринчи курс жана ант берүү” аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков жана окутуучулар, студенттер катышты.

Иш-чарага кыргыз элинин сыймыктуу уулдары, грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиондору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберлери Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков да келишти.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн университетибиздин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова спорт факультети бир жыл ичинде 70ке жакын иш-чара өткөргөнүн, студенттердин эл аралык деңгээлде уюштурулган 50дөн ашуун мелдештерге катышканын айтып, муну менен университеттин сыймыктанарын белгиледи. “Бул, албетте, чоң сыймык, бирок экинчи жагынан алып караганда турган иш. Себеби спорттук чеберчиликти арттыруу күнүгө сыноо, жарыш менен болушу керек, мизин курчутуп туруу керек,”-деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө 2024-жылын спорт илимдери факультетинин жылы деп жарыялаганын айтып: “Манас” университети катары эң чоң максаттарыбыздын бири-келечектин спортчуларын өстүрүү. Биз мындан ары да спорт илими боюнча алдыңкы мекеме болууну уланта беребиз, ошол себептүү магистратура, докторантура программаларын ачуу аракетин көрүп жатабыз,”-деди.

Ректор Жейлан студенттерге кайрылып: “Спорт түрдүү терс адаттардан арылтат. Силер, спортчу катары келечегиңерди ойлоп терс адаттардан алыс болосунар деп ишенем. Өз кесибиңерге сый-урмат көрсөтүп аракет кылышыңарды каалайм,”-деп сөзүн жыйынтыктады.

Салтанаттуу аземде биринчи курстун студенттерине символикалык “Билим ачкычы” тапшырылып, 2022-2023- окуу жылында спорт илимдери факультетинин дене тарбия жана спорт мугалими, машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн эң мыкты окуган студенттерине жана университеттин эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен студенттерине ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.

Сыйлоо аземинен соң “Манас” университетинин патриот студенти болобуз,” - деген спорт илимдери факультетинин 1-курсунун студенттеринин “Студенттик ант”  берүүсү болуп өттү.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0TBYUNt8jR/?utm_source=ig_web_copy_link

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0TBvDIIIPP/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү