ТКТР президенти Эрсин Татарга “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы


  • 2023-12-03

Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилигинде Электр энергиясын өндүрүүчүлөр бирикмеси, “ЭкоЕвразия” фонду жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргелешип уюштурган “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” аттуу конференциясы 2023-жылдын 4-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде башталат.

Конференциянын ачылышында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин ардактуу төрагасы Эрсин Татарга Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан  ардактуу доктор наамын тапшыруу аземи 2023-жылдын 4-декабрында саат 9:30да конгресс жана маданият борборунда өткөрүлмөкчү.
 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0Zcm6Ot4Qh/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү