ТКТРНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЭРСИН ТАТАР ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ЖҮРӨГҮ ЖАНА АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ – “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНДЕ


  • 2023-12-06

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” аттуу конференция Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин жетекчилиги астында Түркиянын энергия өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, ЭкоЕвразия фондунун жана Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин биргелешкен уюштуруусунда өткөрүлдү.

Конференциянын ачылыш аземине Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин төрагасы Эрсин Татар, Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары, доцент Зафер Демиржан, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы, Мекемелер аралык байланыш куруу боюнча башкы координатор, доцент Иляс Демиржи, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, өнөр жай тармагынын өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынынын өкүлдөрү катышты.

Кызуу өткөн конференцияда алгач боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимдерине кезек берилип, иш-чара ачылыш сөздөрү менен уланды.

Конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөө үчүн трибунага чыккан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова буларга токтолду: “Кыргызстан энергетиканы өнүктүрүү жаатында  бай дараметке ээ. Биздин тоолор бүтөндөй Борбордук Азиянын суу алгыч мунараларын, ал эми мөңгүлөрүбүз  тузсуз, таза суулардын булагын, дарыялар менен көлдөрүбүз турмуш-тиричиликтин бирден бир шарты. Эгемендиктин шарттарында өлкөнүн ирригациялык мүкүнчүлүктөрү энергетикалык муктаждыктарга орун бошотуп бергендей абал түзүлдү. Ошондон улам дүйнөнүн башкы өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, колдонуу иши көңүл борборунда турат.”

Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүү потенциалына арналган конференцияны өткөрүү демилгеси ар тараптан колдоого арзый турганын белгилеген биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова иш-чара пайдалуу натыйжа берет деген ишеничин билдирди.

Теңир-Тоонун тоолорунда тарых жазылууда

Андан соң трибунага ректор, профессор Алпаслан Жейлан чыкты. “Бүгүн биз Теңир-Тоонун тоолорунда тарых жазып жатабыз. Сиздер да бул тарыхый учурларга күбө болуп жатасыздар,”-деген сөздөрү менен баштаган ректор Жейлан, Теңир-Тоонун этегинде чогулган катышуучуларга бул тарыхый учурдун маанилүүлүгүнөн сөз кылып, 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. “Манас” эпосу биздин ар-намысыбыз, кадырыбыз,”-деген ректор Жейлан жаш Манасчы Ажыбекти сахнага чакырды. “Манас” эпосунан үзүндү айткан жаш манасчы залда жүрөктөрдү титиретти.

“1571-жылдан бери Кипрдебиз”

Ректор Жейлан өз сөзүндө Кипрдин түрк тарыхындагы орду жана маанисине токтолуп, Кипрде түрк элдеринин 1571-жылдан бүгүнкү күнгѳ чейин терең тамырлуу тарыхы бар экенин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Түркиянын жүз жылдыгы ошол эле учурда түрк дүйнөсүнүн да жуз жылдыгы болот деген сөздөрүнө токтолуп, биримдиктин бекемделүүсү менен түрк дүйнөсүндө да,  

“Кылымдардан бери Кипрда түркчүлүк бар жана мындан ары да болот”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кипр маселесин эң жакшы билген лидерлердин бири катары Кипр темасына маанилүү салым кошконун баса белгилеген ректор Жейлан Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Жейлан  сөзүн Кипр маселесинин алдыңкы адамдарынын бири жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын куруучу президенти Рауф Денкташтын бул сөздөрү менен жыйынтыктады: “Жашоодо эч качан тайсалдабайсың, ойлоруңда бирде алдыга, бирде артка кадам таштабайсың, ар бир доордун адамы эмес, ар бир доордо адам болосуң.”

Тарыхка из калтырган жолугушуу

Түрк мамлекеттери менен тектеш коомчулуктардын ортосундагы маданий тилектештикти жана кызматташтыкты колдоо максатында уюштурулган конференциянын маанисин баса белгилеп сөзүн баштаган Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы, Мекемелер аралык байланыш куруу боюнча башкы координатор, доцент Иляс Демиржи “Тилде, пикирде, иште биримдик!” урааны менен иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын айтты. Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана урааны менен жолго чыгышкандарын билдирди. Ильяс Демиржи Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы инженерия, архитектура жана шаар куруу тармактарындагы кызматташтык протоколдорунун жана эл аралык иш-чаралардын маанисине басым жасады.

Эгемендүүлүктүн 32-жылын белгилеген Кыргызстанда өткөрүлгөн конференциянын өзгөчө энергетикага багытталган көптөгөн тармактарга кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаганын белгилеген Ильяс Демиржи Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бул саммит тарыхта калат деген ишенимин билдирди.

 “Манас” университетинин жана Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин таанытуу тасмасы көрүүчүлөргө тартууланган соң протокол сөздөрүнө кезек берилди.

Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары, доцент Зафер Демиржан өз сөзүндө буларга токтолду: “Энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык конференциясы боордош эки өлкө үчүн энергетика тармагындагы кызматташуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот деп ишенем. Дүйнөдө учурда энергия, өзгөртүү жана трансформация бар. Мындай мезгилде биз биримдикте болууга муктаждыгыбыз бар,”-деди.

Конференциянын акыркы сөзүн сүйлөгөн ТКТРнын Президенти Эрсин Татар катышуучуларга маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Көңүл байланыштары аркылуу түзүлгѳн биримдик

Президент Эрсин Татар Кыргызстанда болгонуна кубанычын жана толкундануусун билдирип, сөзүн мындай баштады: “Бүгүн тарыхый күн, мени чоң толкундануу менен тосуп алган Ата Журтубуз Кыргызстанда, Теңир-Тоонун этегинде сиздер менен жолугушканыма кубанычтамын. Ата Журтта сиздер менен жолуккандагы бакытты сезип турам. Бул биримдик көңүлдүн көпүрөлөрү аркылуу ишке ашты. Бул жолугушууну уюштурган жана тосуп алгандарга ыраазычылык билдирем.”

Президент Эрсин Татар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, “2022-жылдын 11-ноябрында Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу мүчө болуп кабыл алынышыбызда анын колдоосу чоң,” - деди жана салам айтты. Ошондой эле КРнын Жогорку Кенешинин депутаты, Кыргыз Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын достук тобунун төрагасы Дастан Жумабековго жана башка маанилүү инсандарга да ыраазычылык билдирди.

Президент Эрсин Татар Түркия Республикасынын түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана кызматташуу процессине кошкон салымын жана колдоосун, ошондой эле Кипр маселесиндеги күчтүү колдоосун баса белгиледи. Кипр окуясынын пайда болушу жана өнүгүшү тууралуу маалымат берген президент Эрсин Татар 1974-жылы 20-июлдагы Кипр Тынчтык операциясынын Кипр түрктөрүнүн бар болуу күрөшүндөгү орду жана маанисине токтолуп, “Түндүктө көз карандысыз, эгемен жана эркин Түркия Республикасы жашаганды уланта берет,”- деди.

Кипрдеги энергетика маселелерине жана долбоорлоруна токтолгон президент Эрсин Татар Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын бул багыттагы чоң аракеттерин баса белгилеп, “Кипрге электр энергиясын кабель аркылуу жеткирүү долбоору менен биз кайра жаралуучу энергиянын колдонулушун жогорулатууну жана аймакта тынчтыкка кызмат кылууну көздөп жатабыз,”-деди. Президент Эрсин Татар сөзүн төмөндөгүдөй билдирүүлөр менен жыйынтыктады: “Бир убакта кыял болгон Түрк мамлекеттери уюму эми кыял эмес, чындыкка айланды. Технологиялык өнүгүүлөр арабыздагы аралыктарды жакындатты. Түндүк Кипр Түрк Республикасы түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Түрк дүйнөсү Чыгыш Жер Ортолук деңизде бар жана таасирдүү.”

ТКТР Президенти Эрсин Татарга “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сенатосунун 02.11.2023 датасындагы №14 отурумунун 2023-14.75 чечими менен;

. Кипр түрк элинин укук, мыйзам, теңдик жана эркиндик үчүн күрөшүн ар бир платформада кайраттуу жана күчтүү түрдө коргоо,

. Кипр аралында “эки мамлекеттин эгемендүү тең укуктуулугу” принцибинде адилеттүү жана тең укуктуу чечимге жетишүү үчүн кылган аракеттери,

. Бардык маселелерде болгондой Көк Мекен темасында да Түркия Республикасы менен биргелешип иш-аракет жүргүзүү,

. Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу мүчө катары кабыл алынуу процессиндеги унутулгус аракеттери,

. Кыргыз Республикасы менен жогорку билим берүү, социалдык, маданий жана туристтик иш-чаралардын алкагында кызматташтыкты арттыруу демилгелерине колдоо көрсөтүү менен Теңир-Тоонун тоолорунан Башпармак тоолоруна чейин тараган боордоштук көпүрөсүнүн күн сайын дагы да бекемделишин камсыздоо аракеттери,

Университетибиздин да максаты болгон түрк дүйнөсүнүн элдеринин бири-бирин жакындан таануусуна жана түркчүлүк аң-сезимине чын жүрөктөн кошкон салымы үчүн

ТКТР Президенти Эрсин Татарга саясий илимдер тармагындагы “Ардактуу доктор” наамы тапшырылды

Президент Эрсин Татарга мантияны “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кийгизди. "Ардактуу доктор" дипломун болсо биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова тапшырды.

Ректор Жейланга “Кызыл алма”

Түрк тарыхына, маданиятына кошкон салымы жана илимий эмгектери үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдиги тарабынан түрк биримдигин куруу идеалын билдирген “Кызыл алма” сыйлыгы тапшырылды.

Ачылыш аземи белек тапшыруу жана “Манас” университетинин ректоратында эстеликке сүрөтко түшүү менен соңуна чыкты.

Түрк дүйнөсүнүн жүрөгүндө Beşparmak Çadırı ачылды

Ачылыш аземинен кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин ардактуу төрагасы Эрсин Татар жана мамлекеттик бюрократтардын катышуусунда ветеринария факультетинде паразитология лабораториясынын жана Бешбармак чатырынын ачылышы болуп өттү.

“Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү” ботаникалык бакчасында жайгашкан Beşparmak Çadırı (Бешбармак чатырынын) ачылышында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар ийгилик каалап, мындай деди: “Түрк элдери түбөлүктүү болсун!”

Андан соң ТКТРнын Президенти Эрсин Татар “Манас” телеканалында атайын репортаж берип, анда кипр элинин башынан өткөн оор күндөр тууралуу сөз кылып, бул күндөргө келүүсүнө Түрк мамлекеттери уюмунун түрк мамлекеттери үчүн тарыхый, социалдык жана экономикалык маанисине токтолду.

ТКТРнын Президенти Эрсин Татар ректор Жейлан, окутуучулар жана студенттер менен бирге Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста жаңы курулган Республика көчөсүндө сейилдеди. Президент Эрсин Татар 100 жылдыктын урматына коюлган таштын жанында ректор Жейлан менен эстеликке сүрөткө түштү.

Түрк дүйнөсүнүн изинде маанилүү отурумдар

 “Манас” университетинде өткөрүлгөн конференциянын ачылыш сөзүнөн кийин түрк дүйнөсүнүн улуу адамдары катышкан сессиялар менен көңүлдөрдү бурду. “Манас”, “Коркут Ата”, “Чыңгыз Айтматов”, “Махмуд Кашгари”, “Саякбай Каралаев”, “Юсуф Хас Хажиб” жана “Курманжан Датка” сыяктуу кайталангыс инсандардын ысымын алып жүргөн отурумдар терең маселелер талкууланган жолугушуу чөйрөсүн түздү.

Отурумдарда Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык жана тилектештик мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тарыхый жолугушуу өтмүштөн келген баалуулуктар менен бекемделген келечекти куруу каалоосуна толгон атмосфера жаратты.

Конференцияда мамлекеттик бюрократтар, окумуштуулар, өнөр жайдын өкүлдөрү жана жарандык коомдун лидерлери эл аралык кызматташтык үчүн баалуу докладдарды сунуштап, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Расмий мекемелердин башчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0by_zcN0K_/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0bmukHtqt6/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV'nin Genel Haberi: https://youtu.be/Ercqgw4qwMY?si=z7QskFAT0duWzaHp

Manas TV'nin Enerji Yatırımları ve İş Birliği Konferansı Yayını: https://youtu.be/0yO3EIut11o?si=gD0xRDLizWhUJgUz

Manas TV'nin Cumhurbaşkanı Tatar İle Özel Röportajı: https://youtu.be/5fZzwk9zTE0?si=lZKZ6LbBz2i9xpTJ

Manas TV'nin Cumhurbaşkanı Tatar'ın Manas Üniversitesi'ne Teşekkür Haberi: https://www.youtube.com/watch?v=ukIsu-QaFpo

Manas TV'nin Cumhurbaşkanı Tatar'ın Kırgızistan'daki Ziyaretleri Haberi: https://youtu.be/jaG0Ni-Kkfo?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү