Ректор, профессор Алпаслан Жейланга “Кызыл алма” сыйлыгы тапшырылды


  • 2023-12-06

Түрк тарыхына, маданиятына кошкон салымы жана илимий эмгектери үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдиги тарабынан түрк биримдигин куруу идеалын билдирген “Кызыл алма” сыйлыгы тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде профессор Алпаслан Жейлан: “Бул сыйлык бир гана менин эмес, “Манас” университети үй-бүлөсүнүн жана түрк дүйнөсү менен болгон байланышыбыздын көрсөткүчү. Түрк улуту катары бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү, сый-урматыбызды жана тилектештигибизди ар дайым кармап турушубуз керек,”-деп түрк биримдиги жана тилектештигине басым жасады.

Салтанаттуу азем эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0boSDAtIIh/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/Ercqgw4qwMY?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү