“Beşparmak Çadırı” түрк дүйнөсүнүн жүрөгүндө ачылды


  • 2023-12-07

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн “Эгемендүүлүктүн 32-жылында Кыргыз Республикасында энергетикалык инвестициялар жана кызматташтык” конференциянын ачылыш аземинен кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү” ботаникалык бакчасында жайгашкан Beşparmak Çadırı (Бешбармак чадыры) Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар тарабынан ачылды.

Түрк дүйнөсүнүн биримдик жана ынтымак рухун чагылдырган чатырдын ачылыш аземине ТКТРнын Коомдук иштер жана транспорт министри Эрхан Арыклы, Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары, доцент Зафер Демиржан, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор биримдигинин башкы катчысы, доцент Ильяс Демиржи, өнөр жай өкүлдөрү, окутуучулар, басма сөз кызматкерлери жана студенттер катышты.

“Манас” университетинин “Түрк дүйнөсү” ботаникалык бакчасында жайгашкан Beşparmak Çadırı (Бешбармак чатырынын) ачылышында ТКТРнын Президенти Эрсин Татар ийгилик каалап: “Түрк элдери түбөлүктүү болсун!”-деди.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0diP9ttqOD/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/Ercqgw4qwMY?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү