“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине зыярат


  • 2023-12-07

2023-жылдын 5-декабрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, ТКТРнын Коомдук иштер жана транспорт министри Эрхан Арыклы, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТКТРнын Анкарадагы элчиси Исмет Корукоглу, ТКТРнын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин зыярат кылышты.

Зыяраттын жүрүшүндө 1938-жылы саясий репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жаткан Ата-Бейиттин жана кыргыз адабиятынын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин зыярат кылган делегация гүлчамбар коюп, дуба кылышты.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0hR-xrNWPB/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/jaG0Ni-Kkfo?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү