"Манас" университети Сокулуктагы элет тургундары менен жолугушту


  • 2023-12-07

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кесипкөй адистеринен турган делегация Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигинин астында иш алып барган "Айыл тургундары менен жолугушуу” социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Чүй облусунун, Сокулук районунун Жал айылынын тургундары менен жолугушту.

Акыркы 3 жылдагы талыкпаган эмгеги менен Кыргызстан жана Борбор Азиядан суурулуп чыгып дүйнөнүн эң мыкты 800 университетинин катарына кирген “Манас” университети бул ирет Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында жолугушуу өткөрүп, ага мектеп-гимназиясынын мүдүрү Султаналиева Динара, тарбия окуу бөлүмүнүн башчысы, география мугалими Асанкулова Жыпара, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Жыйында "Манас" университетинин өкүлдөрү айыл жериндеги муктаждыктарды, көйгөйлөрдү угуп, аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Окуу жайыбыздын Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полаттын жетекчилиги астында иш алып барган долбоордун бул жолку жолугушуусуна айыл чарба факультетинин мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн  бөлүм башчысы, доцент Эрен Өзден, өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы, доцент Шенол Йылдыз, "Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден-соолук борборунун кызматкерлери доцент Гульфия Губайдуллина жана Айжан Садырбаева, инженердик факультетинин ага окутуучусу, доцент Бакыт Шаршембаев, инженердик факультетинин тамак инженерлиги бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Руслан Адил Акай Тегин, ветеринария факультетинин кызматкерлери Нур Абдыманап уулу жана Азиз Бегалиев катышты.

Ветеринария факультетинин кызматкери Нур Абдыманап уулу өз сөзүндө буларга токтолду: “Биздин факультет заманбап жабдуулар менен жабдылган, лабораторияларыбыз, клиникабыз бар. Окуу жайды аяктагандан кийин жумушсуз калуу коркунучу жок, себеби бул кесип актуалдыгын жоготпойт деп эсептейм.”

Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мүдүрү Султаналиева Динара “Манас” университетине тапшырам деген мектеп бүтүрүүчүлөрү жыл сайын көп болорун айтып, учурда мектеп-гимназиясында орус тили мугалими болуп иштеп жаткан Талантова Жанара да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү экенин сыймыктануу менен билдирди.

“Манас” университети алдыда дагы башка айылдарга барып, элет тургундары менен жолугушууларды уюштуруп, университетти таанытуу иш-чараларды өткөрүүнү уланта бермекчи.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0jzQ3ANl9n/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү