Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары, доцент Өмер Фатих Саяндын сый сапары


  • 2023-12-07

Бир катар байланыштарды жана жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга келген Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары, доцент Өмер Фатих Саян 2023-жылдын 7-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды кеңсесинде зыярат кылды.

Жылуу маанайда өткөн иш сапардын жүрүшүндө университетибиз ишке ашырып жаткан долбоорлор тууралуу министрдин орун басарына маалымат берилди.Ошондой эле QS World University Rankings рейтингинде алдыңкы 800 университеттин катарына кирген “Манас” университетинин алдыдагы семестрдагы максаттары тууралуу сөз болду.

Сый сапар эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0j57_xNvIU/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү