Семинар: “Саякат жана тур уюштурууда адам ресурстарынын мааниси”


  • 2023-12-07

2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм факультетинде туризм факультетинин саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн студенттери үчүн “Саякат жана тур уюштурууда адам ресурстарынын мааниси” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинардын спикери “ANEX Tour” компаниясынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Яна Сваровская болду.

Яна айым “ANEX Tour” компаниясы жѳнүндѳ жана Түркияда жайкы практика өтүүнүн жол-жобосу, шарттары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

«ANEX Tour» компаниясы 1996-жылы ачылган. Ошондон бери компания Россияда, Украинада, Белоруссияда, Казакстанда жана Германияда өкүлчүлүктөрүн ачып, иш жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө биздин туристтер 51 өлкөнүн каалаган жерине, тактап айтсак, жылуу Түркиядан сырдуу Перуга чейин бара алышат. Ошондой эле ANEX Tour менен туристтер ар дайым идеалдуу турак-жай вариантын таба алышат. Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мейманканалар, батирлер жана конок үйлөрү биздин туристтерди каалаган убакта жайгаштырууга кепилдик бере алат. Компания ишенимдүү камсыздандыруу компаниялары менен кызматташат. Өнөктөштөрдү кылдат тандоонун аркасында эс алуучулар эс алуунун коопсуздугу жөнүндө кабатыр болушпайт. Ар кайсы өлкөлөрдөгү ANEX Tour жеке кеңселеринин адистери саякатка байланыштуу бардык маселелерде – аэропорттон тосуп алуудан баштап, камсыздандырууга жардам берүү үчүн экскурсияларды уюштурууга чейин жардам беришет, ал эми колл-борбордун кызматкерлери туристтерге эң ыкчам 24/7 колдоо көрсөтүп турушат», -деп айтып келип, бүгүнкү семинар КТМУнун туризм факультетинде билим алып жаткан студенттер үчүн Түркияда жайкы практика ѳтүү боюнча кененирек маалымат берүүгѳ арналганын билдирди.

«Жайкы практика Түркиянын Жер Ортолук, Эгей жана Мармара деңиздерин бойлой жайгашкан отелдерде өтѳт. Компания  студенттерди региондорго бѳлүштүрүүдѳн мурда 10 күндүк теориялык жана прктикалык жактан сабак берип окутат. Эмгек акы 500 АКШ долларды түзѳт, айлыктан тышкары ар бир студент ѳзүнүн иш алып барган программасына жараша кошумча дагы акы алышат. Жатакана жана камсыздандыруу шарттары каралган, ал боюнча кошумча тѳлѳм алынбайт. Жумуш сааты регионго жараша болот, 8 сааттан-12 саатка чейин иштешет, анын себеби туристтерди аэропорттон тосуп алуу эртең мененки же кечки убактарга туура келип калгандыгына жараша болот. Бир жумада бир күн эс алуу бар. Мындан тышкары студенттердин ѳтүнүчү боюнча жайкы практика ѳттү деген сертификат да берилет. Баса белгилеп кетчү нерсе, компания ортомчулук кылбайт жана гиддерди даярдоо жана жумушка орноштуруу боюнча да иш алып барат».

Семинардын аягында окутуучулар жана студенттер кызыккан суроолорун беришип, Яна Сваровскаяга ыраазычылык билдиришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0iHyHKokJ7/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү