Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном ректор Жейлан менен жолугушту


  • 2023-12-09

Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном 2023-жылдын 7-декабрында “Манас” университетин зыярат кылды. Зыяраттын жүрүшүндө маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушууда “Манас” университетинде билим алып жаткан монгол студенттеринин абалы деталдуу сүйлөшүлдү. Ошондой эле Монголиянын университеттери менен кызматташуу, студент алмашуу программалары жана биргелешкен долбоорлор талкууланып, элчи Ганхуяг Содном Монголия менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жетектөө аркылуу колдоо көрсөтүүгө убада берди. Мындан тышкары “Манас” университетин Монголияда натыйжалуу таанытуу үчүн уюштуруу иштерине колдоо көрсөтөөрүн билдирип, бул аракеттер монгол жаштарынын "Манас" университетинин билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуусуна салым кошоору айтылды.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда элчи Ганхуяг Содном, ректор, профессор Алпаслан Жейланды расмий сапар менен Монголиянын борбору Улан-Баторго иш сапарга чакырды. Бул сапар университеттер аралык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды мындан ары да бекемделишине маанилүү кадам болот.

Жолугушуудан соң элчи "Манас" телеканалына университет менен болгон кызматташтык жана келечектеги долбоорлор тууралуу деталдуу маалымат берди. Бул оң жылыштар менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эл аралык карым-катнашына, билим жана маданият алмашуусуна кошкон салымы дагы да өсө бермекчи.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0mNecTNVZ3/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү