Ректор Жейландын Бишкек эл аралык кинофестивалына берген баасы


  • 2023-12-09

2023-жылдын 8-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында өткөн Бишкек эл аралык кинофестивалы тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясына интервью берди.

Кинофестивалдын абдан ийгиликтүү өткөнүн белгилеген ректор, профессор Жейлан 18-ноябрда “Манас” университетинде өткөрүлгөн “Конок өлкө түрк тасмалары жумалыгынын” ачылыш салтанатынын гала программасы жөнүндө мындай деди;

“Кыргызстандан жана Түркиядан бюрократтардын, ар кандай бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн жана белгилүү продюсерлердин, режиссёрлордун катышуусунда сонун гала программасын уюштурдук. Кинофестивалдын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулганы, айрыкча түрк киносунун султаны Түркан Шорайдын 45 жылдан кийин ата бабасынын киндик каны тамган Алатоо жергесине жана “Манас” университетине келгени бизди чоң кубанычка бөлөдү.”

Гала-программасынан кийин

“Гала программадагы эң эсте калганы – “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасындагы Аселдин ролу менен өзгөчөлөнгөн кызыл жоолуктун Түркан Шорайга белекке берилгени жана университетибиздин көркөм өнөр факультети  тарабынан майлуу боек менен тартылган сүрөт жана Түркан Шорайдын бүгүнкү күнгө чейин ойногон тасмаларынын афишаларынан турган “Түркан Шорай афишаларда” аттуу көргөзмөнүн түрк киносунун султаны Түркан Шорай тарабынан ачылышы жана башка… Ачыгын айтканда, гала программасы көп жылдар бою сөз боло турган эскерүүлөргө толду. Бирок залдагы катышуучулар үчүн эң эмоциялуу учур - Түркан Шорайдын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык сезимдерин билдирип, “Жашасын Түрк Республикалары!”- дегени болду.

Фестивалдын “Манастын” студенттерине кошкон салымдары

 Ректор Жейлан фестивалдын алкагында өткөрүлгөн семинарлардын студенттерибиз үчүн маанисине да токтолуп, “Студенттерибиз дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөр, режиссёрлор жана продюсерлор менен жолугушуп, сабактарда өтүлгөн нерселердин реалдуу жашоодо кандай колдонулат экендигин үйрөнө алышты. Алар көп жылдар бою алган сабактарын иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана жаңы көз карашка ээ болушту. Исмаил Фидан сыяктуу жаш жана эмгекчил продюсер-режиссёрлордун келишин жана алар менен практикалык сабактардын өткөрүлүшүн фестивалдын студенттерибизге кошкон салымдары катары баалоого болот,”-деди.

Биргелешкен долбоорлорго кол коюу убактысы

Ректор Жейлан кыргыз-түрк продюсерлерине жана режиссёрлоруна кайрылып: “Дүйнө жүзүндө Кыргызстан сыяктуу кино платонусун табууга мүмкүнчүлүгүңүз жок. Биргелешкен долбоорлорго кол коюңуздар. Түрк киносу сериал жана кино тармагында дүйнөдө экинчи орунда турат. Бул билимди жана тажрыйбаны колдонуп мекенибизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырыңыздар. “Манас” университети катары биз бардык инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялайбыз. Ушул географияда, ушул жерлерде белгилүү түрк сериалы тартылса, бул эмгек Кыргызстандын да, кыргыз-түрк сериал, кино тармагын да таанытууга чоң салым кошот. Албетте, бул биздин бир туугандыгыбыздын канчалык баалуу экенин дагы бир жолу көрсөтүп берет.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алтын көпүрө: Манас университети

Билим берүү, маданият жана искусство тармагында биргелешкен ишмердүүлүктүн дагы көп жүргүзүлүшү керектигин ойлогон ректор Жейлан бул тууралуу мындай деди: “Чындыгында, Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда пайдалуу кызматташтык болду. “Манас” университети катары биз буларга токтолгубуз келет: “Биз, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы алтын көпүрөбүз. Биз эки өлкөнүн достугуна, боордоштугуна ушул убакка чейин бир нече ирет салым коштук жана мындан ары да уланта бермекчибиз,”- деди.

 

ММК жана коом менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0oYHHrNpAY/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү