“Манас” университетинин көркөм өнөр факультети реабилитациялык борборду зыярат кылды


  • 2023-12-09

2023-жылдын 3-декабрь күнү “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборуна барды. Бул өзгөчө күндө майып адамдар, алардын арасында балдар да унутулган жок.

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, музыка бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Карагул Тиленчиев, живопись бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов, театралдык искусство бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева жана студенттер катышкан зыяраттын жүрүшүндө “Манас” университети унутулгус концерт уюштурду.

Жолугушуу “Манас” университетинин өкүлдөрү тарабынан борборго белектерди тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин буларга токтолду: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары ар дайым колубуздан келишинче колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даярбыз.”

Аталган борбордун директору Бакытбек Абдиев өз сөзүндө: “Балдарыбыздын арасында  көп түрдүү таланттар бар, кол өнөрчүлүк, скульптура, бий сыяктуу багыттарда адистер атайын программа түзүп беришсе балдарга чоң колдоо болмок,”-деди. Абдиев борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, “Манас” университетине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу мекемеге белектерди тапшыруу менен жыйынтыкталды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0mSXjPts-D/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү