“Манас” университетинин көркөм өнөр факультети “Үмүт үйүндө” унутулгус көз ирмемдерди жаратты


  • 2023-12-10

Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде 3-декабрь-Эл аралык майыптар күнү белгиленди. Ага ылайык, 2023-жылдын 1-декабрында социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесин зыярат кылып, унутулгус көз ирмемдерди жаратты.

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, музыка бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Карагул Тиленчиев, живопись бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов, театралдык искусство бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева жана студенттер аталган мекеменин жашоочулары менен жолугуп келишти.

“Манас” университетинин өкүлдөрү зыяраттын жүрүшүндө “Үмүт үйүнүн” жашоочулары үчүн эстен кеткис концерттик программа тартуулашты. Социалдык стационардык мекеменин мүдүрү Эркингүл Абдылдаева Кыргыз-Түрк ''Манас'' университети көп жылдан бери өнөктөштүк мамиледе көрсөткөн жардамы, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ар дайым университеттин өкүлдөрү, окутуучулары жана студенттери зыярат кылып турушарын белгиледи.

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин “Үмүт үйүнө” болгон зыяраты жана тартуулаган концерттик программасы мекеменин жашоочулары үчүн да, катышуучулар үчүн да эстен кеткис күн болуп, социалдык жоопкерчиликти түшүнүүгө салым кошту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0rV5XAN86W/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

    Социалдык медиада бөлүшүү