Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгында унутулгус эскерүү иш-чарасы: Айтматов жана жаштар


  • 2023-12-10

2023-жылдын 8-декабрында түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өзгөчө иш-чара менен белгиленди.

Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган “Айтматов жана жаштар” аттуу эскерүү иш-чарасы университетибиздин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, белгилүү драматург, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Кайрат Иманалиев, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова көп кырдуу, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын маданий, саясий, адабий мурасы тууралуу айта берсе, жаза берсе сөз бүтпөй турганын белгилеп, буларга токтолду: “Айтматовду таануу кыргыздын өзүн таанууга барабар. Себеби биз кыргыз десе Чыңгызды, Чыңгыз десе кыргызды түшүнөбүз.”

Биринчи проректор, э.и.к. Каламбекова ар кимдин өзүнүн тааныган Айтматову бар экенин айтып, Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу болгону адамга жана адамзатка берген баалуулугу алдыңкы планга чыкканын билдирди.

Белгилүү драматург, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Кайрат Иманалиев “Манас” университетинин аталган иш-чараны өткөрүп жатканы аябай маанилүү экенин баса белгилеп: “Чыңгыз Айтматов Кыргыз-Түрк “Манас” университетине өзгөчө маани бере турган. Ушул залга бир нече жолу келген, бир нече жолу кыргыз-түрк мамилесинин данакери болгон “Манас” универстети жөнүндө айткан жакшы сөздөрүн күбө болуп укканмын,”-деп бул залда отурган жаштар, анын ичинде көркөм өнөр факультетиндеги жаштар көркөм өнөр аркылуу Айтматовдун философиясын, дүйнөсүн дүйнөгө таратат деген ишеничин билдирди.

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин: “Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматовго болгон берилгендик сезими суктанаарлык. Биз университетибиз жана факультетибиз катары милдетибизди аткаруу үчүн бул иш-чараны уюштурдук,”-деди. Профессор Чагатай Акенгин Чыңгыз Айтматовдун мурасын жана чыгармаларын жаш муундар арасында сактап калууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң экенин баса белгиледи.

КТМУнун көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган жана Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн “Айтматов жана жаштар” аттуу эскерүү иш-чарасынын алкагында залкар жазуучунун кайталангыс чыгармаларынын негизинде даярдалган театралдык оюн-зооктор, ырлар, хор концерттери искусство сүйүүчүлөрү менен жолугушту.

Залдагы көрүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун терең ойлорун, жашоого болгон кайталангыс көз карашын сахнага алып чыккан спектаклдерди толкундануу менен көрүп отурушту. Көз жаштарын тыя албаган көрүүчүлөр иш-чарага салым кошкон бардык окутуучуларга жана студенттерге дүркүрөгөн кол чабуулар менен ыраазычылык билдиришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0mWNgHtGRp/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0ozjNZt6QF/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=ODhhZWM5NmIwOQ==

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/0UXY2RKdtME?feature=shared

    Социалдык медиада бөлүшүү