Түрк дүйнөсүнүн белгилүү сүрөтчүлөрү ректор Алпаслан Жейланды зыярат кылышты


  • 2023-12-13

“Манас” университети 2023-жылдын 11-декабрында көркөм өнөр факультети тарабынан 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында түрк дүйнөсүнөн келген белгилүү сүрөтчүлөрдү конок кылды.

Зыяратка Казакстандан Галия Макашева, Айткүл Тасмагамбетова, Ботагөз Толеш, Алмагүл Есимова, Болат Асербеков, Камар Дүйсенбаева, Өзбекстандан Мария Мельникова, Камила Муминова, Түркмөнстандан Аманмурат Модиев, Батыр Бекмырадов жана Түркиядан азербайжандык сүрөтчү, профессор Рефик Азиз жана ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган катышты.

Жагымдуу атмосферада өткөн зыяраттын жүрүшүндө сүрөтчүлөр  университетибизден алган таасирлери менен бөлүшүштү. Алар “Манас” университетинин  үй-бүлөлүк жылуулукту камтыган университет экени окутуучулар жана студенттердин мамилесинен, жүрүм-турумунан сезилгенин билдиришти.

Келечекте ишке ашырыла турган кызматташуулар тууралуу сөз болгон зыяраттын соңунда сүрөтчүлөргө  көргөзмөгө кошкон салымдары үчүн   сертификаттар тапшырылды.

Зыярат  ректор, профессор  Жейланга профессор  Рефик Азиз  тарабынан  майлуу боёк менен тартылган портретин  белекке берүүсү жана  эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0ybZQqNgHf/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү