Билим берүү жана илим министрлиги: 2023-жылдын жыйынтыгы


  • 2023-12-13

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынын өткөрдү.

Жыйын И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз руху” жыйындар залында ѳтүп, ага Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары, жогорку окуу жайлардын пресс-катчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева азыркы заманбап билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөктүү багыттары жана андагы ийгиликтер менен проблемалары туурасында кеңири маалымат берди. Ошондой эле, билим берүү тармагындагы келечектеги олуттуу милдеттерди ишке ашыруунун зарылдыктарын баса белгиледи.

Жыйындан кийин министр журналисттердин иши өтө маанилүү, мазмундуу, жооптуу экенин баса белгилеп, бир катар жогорку окуу жайлары менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басма сѳз кызматын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып, билим берүү тутумунда бирдиктүү иш алып барууга кошкон жигердүү салымы үчүн Ыраазычылык каты менен сыйлады.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0zKLGPto3u/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ: 2023-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ (edu.gov.kg)

 

    Социалдык медиада бөлүшүү