КТМУнун ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды


  • 2023-12-13

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынын өткөрдү.

Ага Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары, жогорку окуу жайлардын басма сөз катчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттардын ѳкүлдѳрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Министр журналисттердин иши өтө маанилүү, мазмундуу, жооптуу экенин баса белгилеп, бир катар жогорку окуу жайлары менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басма сѳз кызматын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташып, билим берүү тутумунда бирдиктүү иш алып барууга кошкон жигердүү салымы үчүн Ыраазычылык каты менен сыйлады.

Ыраазычылык катты «Манас» университетинин атынан жыйынга катышкан ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Айзат Таласбаевага тапшырды.

 

ММК жана комчулук менен байланышуу бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0zKYd0Ndao/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү