Теология илимдеринин негизги билим берүү семинарлары башталды


  • 2023-11-21

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин студенттер жана тиешелүү адистер үчүн уюштурган Т “Теология илимдеринин негизги билим берүү семинарларын” баштады. 2023-жылдын 21-ноябрында өткөрүлгөн семинардын ачылышы теология факультетинин ислам бөлүмдөрүнүн башчысы, профессор Бекир Татлы тарабынан берилди.

Профессор Бекир Татлынын жетекчилигинде өткөрүлгөн семинарда хадис тармагындагы негизги маалыматтар талкууланган таасирдүү баарлашуу чөйрөсү болду. Катышуучуларга хадис маалыматтары пайгамбарыбыздын жашоосунан жана жүрүм-турумунан мисалдар менен жеткирилди. Семинарда ислам дүйнөсүнүн маанилүү тармагын түзгөн хадис илиминин тереңине кирип, студенттерге бул тармактагы негизги жоболор жана ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Теология факультетинин ислам бөлүмдөрүнүн башчысы, профессор Бекир Татлы семинардан кийинки билдирүүсүндө: "Теология илимдеринин негизги билим берүү семинарлары студенттерге теология тармагында бекем пайдубал курууну максат кылууда. Ар жума сайын биз студенттердин келечеги кең болушун көздөп, билимдин ар кандай тармактарына көңүл бурабыз,”-деди.

Бул иш-чаралар КТМУнун теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын координациясында жана университеттин бардык профессордук-окутуучулар курамы, административдик кызматкерлердин катышуусунда өткөрүлмөкчү. Теология илимдеринин негизги билим берүү семинарлары жума сайын өткөрүлөт жана анда Курани Карим, тафсир, хадис, калам, ислам укугу (фикх), суфизм, ислам тарыхы, секталар тарыхы жана диндер тарыхы сыяктуу теологиянын ар тараптуу тармактарына багытталат.

Семинарлар сериясы теология чөйрөсүндөгү учурдагы диний көйгөйлөргө критикалык көз карашты камсыз кылуу жана студенттерге илимдин ар кандай тармактарында тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо максатын көздөйт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү