“Манас” университетинин айыл тургундары менен жолугушуулары уланууда


  • 2023-12-14

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигинин астында иш алып барган "Айыл тургундары менен жолугушуу” социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында элет тургундары менен жолугушуулар ийгиликтүү уланууда.

2023-жылдын 7-декабрдын алгачкы сапары Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы орто мектебине башталып, “Манас” университетинин делегациясы мектептин мугалими Гүлзина Мукашева, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуу өткөрүп, билим берүү жаатындагы бай тажрыйбалары менен бөлүшүп, маалымат алмашышты.

Сапар андан ары уланып, “Манас” университетинин делегациясы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Генерал Султанаалы Самсалиев атындагы орто мектебине барышып, окуу бөлүмүнүн башчысы Элнура Токтосунова, ата-энелер жана окуучулар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин билим берүү системасы жана тартуулаган мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштырышты.

Суроо-жооп форматында интерактивдүү өткөн жолугушуулар элеттиктерге жана окуучуларга баалуу маалыматтарды бөлүшүүгө салым кошту.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C01BYr1Nfb4/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү