“Манас” университетинде “Курулуш жана жер титирөөлөр” панелдик жыйыны


  • 2023-12-15

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектеби тарабынан уюштурулган  “Курулуш жана жер титирөөлөр” аттуу панелдик жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, кесиптик жогорку мектептин мүдүрү, доц.м.а.док. Махмут Вурал, окутуучулар жана студенттер катышты.

Панелдик жыйын жер титирөөдөн курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан кесиптик жогорку мектептин аталган иш-чараны уюштурганы аны абдан кубантканын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ректор, профессор Жейлан Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамиленин эң мыкты экенин айтып, сөзүн мындай деп улантты: “2023-жылдын 6-февралындагы жер титирөө апаатына байланыштуу Түркияга алгачкылардан болуп жардамга барган, бир канча боордошторубуздун өмүрүн сактап калган кыргызстандык куткаруучуларга төлөп бүткүс карыздарбыз.”

Кесиптик жогорку мектептин мүдүрү, доц.м.а.док. Махмут Вурал өз сөзүндө курулуш тармагы Кыргызстанда да тездик менен өнүгүп жатканын айтып, маселенин маанилүүлүгүн дагы да баса белгилөө үчүн аталган панелди уюштурушканын билдирди. Панелди уюштурууга көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдирип, баяндамачыларга ийгилик каалап созүн жыйынтыктады.

Панелдик жыйында баяндамачылардын катарын профессор Эбру Дурал, окутуучу, доцент Гүлмира Ажыгулова, доцент Жакшылык Кожобаев, профессор Жаныбек Маматов, профессор Конушбек Темикеев, профессор Мухтар Апсеметов жана профессор Марат Абдувалиев толукташты.

Баяндамачылар жер титирөөнүн кесепеттерин терең анализдөө керектигин сунушташып, имараттардын жана курулуштардын кыйроо себептерин, пайдаланылган материалдардын сапаты жана курууда эске алынышы керек болгон жагдайлар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чара баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен соңуна чыкты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C01vBTwtIZA/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C01lHaftc2b/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү