Тегерек столдо КТМУнун компьютер инженерлиги бөлүмү “Түндүк” мамлекеттик мекемеси менен жолугушту


  • 2023-12-15

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси санариптик өнүгүүдө техникалык аспектилерди талкуулоо  максатында 2023-жылдын 10-ноябрында компьютер инженерлиги бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Жолугушуу санариптештирүү процесстеринин эффективдүү жана коопсуз жүрүшү үчүн маанилүү кадам катары белгиленди.

Катышуучулар тегерек столдо “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин санариптештирүүдө колдонгон техникалык аспектилери тууралуу деталдуу талкуу кылышты. Чогулушта айрыкча мекеменин коопсуздугу, кызматы жана техникалык негиздери боюнча суроолор берилди. Бул ар тараптуу жолугушуу санариптештирүү процессинин техникалык аспектилерин түшүнүүгө жана жакшыртууга маанилүү мүмкүнчүлүк берүү менен маалыматты жайылтууга шыктандырды.

Жолугушуунун аягында катышуучулар жүргүзүлгөн баалоого канааттангандыгын билдиришип, мындай интерактивдүү платформалардын санариптештирүү процесстерине салым кошо тургандыгын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандын санариптешүү жана технология жаатында алдыга жылуусуна маанилүү салым кошушу күтүлгөн мындай жолугушуулардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү  пайдалуу болору баса белгиленди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C07JY1eNhZe/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү