Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинен “Манас” университетине зыярат


  • 2023-12-15

2023-жылдын 14-декабрында Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана окутуучулары “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды ректоратта зыярат кылышты.

Зыяратка профессор Дехканов Наримон Бурханжонович, профессор Жураев Рузимат Тухтасинович, факультеттин деканы Хайдаралиев Шухрат Абдулазизович, доцент Маллабаев Ботиржон Бахтийорович, доцент Эркозиев Анвар Ашурович, доцент Содиржонов Мухриддин Мухаммадаминович жана доцент Ортиков Йосин Абдулбокиевич катышты.

Зыяраттын жүрүшүндө Наманган мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, доцент Эркозиев Анвар Ашурович Орхун алмашуу программасына катышууга болгон каалоосун билдирип, Өзбекстанда ишке аша  турчу археологиялык казууларга катышкысы келген “Манас” университетинин студенттерине эшик ачык экендигин белгиледи. 

Жолугушууда “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин 2024-жылдагы эң негизги максаты - Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер менен тыгыз байланыш түзүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле  ректор, профессор Жейлан “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбооруна Наманган университетин да чакырды.

Наманган университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, доцент Анвар Эркозиев Ашурович “Манас” университетинин тажрыйбаларынан пайдаланып, өз университетинде Түрк цивилизациясын изилдөө борборун куруу максаты тууралуу сөз кылды.

Келечекте ишке аша турчу кызматташуулар талкууланган зыяраттын соңунда профессор Алпаслан Жейлан Наманган мамлекеттик университетинин түрк элдеринин салттуу спорттук оюндарына катышуусун каалагандыгын билдирди.

Жолугушуу бири-бирине белек тапшыруу жана сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C07INXmtI4K/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү