“Манастык” болууну каалаган ондогон жаштар университетибизди зыярат кылышты


  • 2023-12-15

2023-жылдын 15-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Апас Жумагулов атындагы орто мектебинин окуучулары жана Бишкек шаарындагы №66 орто мектебинин окуучулары КТМУну зыярат кылышып, университеттин жашоосунан кызыктуу тажрыйбага ээ болушту.

Зыярат таанытуу иш-чараларынын алкагында башталды. КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталган программада окуучулар университеттини инфраструктурасы, билим берүү жана окутуу түшүнүгү, факультеттер, окуу кабинеттери, лабораториялар, студенттик жатаканалар жана коомдук-маданий иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындан тышкары окуучуларга университетке кирүү сынагы тууралуу маанилүү маалыматтар берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын кызыккан  суроолоруна адистер жооп беришти.

Маалыматтык жолугушуудан кийин окуучулар кампуска экскурсия жасашты. Лабораториялардан тартып “Манас” телестудиясына, студенттик жатаканадан ветеринария факультетинин клиникасына, коммуникация факультетинен ашканага жана спорт залдарына чейин бир катар маанилүү жайларды кыдырышты.

“Манас” университетинин билим берүү шарттары жана кампустагы жашоо менен таанышуу окуучулардын келечектеги академиялык жана социалдык чөйрөсүн калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C07IzqHtzZx/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү