“ManasTech” инновациялык борбору тарабынан текстилдик калдыктар боюнча семинар өткөрүлдү


  • 2023-12-19

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультети “ManasTech” инновациялык борборунун базасында Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын кирденүүсүнө жаш муундун көнүлүн буруу максатында бул тармактагы алдыӊкы адистердин катышуусунда ар түрдүү семинарларды жана лекцияларды уюштурууда.

Шаардагы атмосфералык абанын кирденүүсүнүн себептеринин бири болуп жеке сектор тарабынан жагылып жаткан текстиль калдыктары болуп саналат. 2023-жылдын 13-декабрында уюштурулган кезектеги семинардын коногу “Тазар Мекеним” уюмунун негиздөөчүсү Аймээрим Турсалиева шаарыбыздагы текстиль калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү айтып, катышуучулар менен биргеликте бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкууга алышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

    Социалдык медиада бөлүшүү