“Манас” университетинин студенттик жатакана башкармалыгынын стол тенниси боюнча турнирдин жыйынтыгы чыкты


  • 2023-12-20

2023-жылдын 16-17-декабрь күндөрү “Манас” университетинин студенттик жатаканалар башкармалыгы тарабынан  уюштурулган стол тенниси боюнча турнир жыйынтыкталды. Күчтүү атаандаштык менен өткөн турнирде жеңүүчүлөрдүн катарына кирген студенттер белгилүү болду.

Кыздар арасында 1-орунду Айзирек Туратбек кызы  алса, 2-орунду Диденур Зехре  Жебежи камсыздады. Ал эми 3-орунга Зияда Темиркулова жана Перизат Аманова  ээ болушту.

Эркектер арасында 1-орунга Бекзат Нускадинов ээ болду. 2-орунду Асылбек Боймаматов камсыздаса, 3-орунду Сыймык Айтиев жана Азирет Ашимов камсыздашты.

“Манас” университетинин студенттик жатаканалар башкармалыгы катышуучуларга сыйлыктарын тапшырды. Турнир студенттер арасында достук жана спорттук духту бекемдөөдө маанилүү роль ойноду.

Студенттик жатаканалар башкармалыгы келечекте бир катар иш-чараларды уюштуруу менен студенттердин социалдык өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу максатын көздөйт.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1EdJOktKHs/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү