Юлия Руцкая “Манас” телеканалында түз эфирде конокто болду


  • 2023-12-20

2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү эстрада ырчысы Юлия Руцкая “Манас” телеканалынын “Автопортрет” программасында конокто болду. Юлия Руцкая балалыгы, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы жана жашоодогу негизги баалуулуктары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

“Манас” университетине келгенине ар дайым кубанычта экенин айткан Юлия Руцкая: “Ар дайым Кыргыз-Түрк “Манас” университети чыгармачыл инсандарды жана социалдык долбоорлорду колдоп келгени мага чоң таасир калтырат. Бул абдан сонун,”- деди. Берилген суроолорго көңүлдөн жооп берген ырчы университеттин коомго кошуп жаткан салымын баса белгилеп “Манас” университетине ыраазычылык билдирди.

Маектин соңунда Юлия Руцкая кубулжуган үнү менен телестудияны шаңга бөлөп, унутулгус маанай тартуулады.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1ECQUHNJhe/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

Manas TV Programı: 

https://www.youtube.com/live/WUGOAEyKsUk?si=T_G7wEOx6Py6ZtjI

    Социалдык медиада бөлүшүү