Айыл чарба тармагынын адистери “Манас” университетин зыярат кылышты


  • 2023-12-21

Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында айыл чарба тармагынын алдыңкы адистери “Манас” университетин зыярат кылышты.

Зыяраттын жүрүшүндө Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун жетекчиси Төрөгул Беков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Жаныбек Керималиев, КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортонбаев жана ОсОО “Бай дыйкан” компаниясынын директорунун орун басары Илич Марсбек уулу КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагында биргелешкен иш-аракеттерди ишке ашыруу максатында уюштурулган зыяратта келечектеги кызматташуулар, айыл  чарба өндүрүшүндөгү өзгөрүүлөр боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан КТМУнун Кыргыз Республикасында айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө, бул тармакта илимий-изилдөөлөрдү көбөйтүүдө чоң салым кошо аларын баса белгилеп, университетибиз ар дайым Айыл чарба министрлиги менен өнөктөш катары иштеп келерине токтолду. Жолугушууда айыл чарба тармагына тийиштүү семинар-тренингдерди уюштуруу мындан ары дагы улантылары белгилүү болду.

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун жетекчиси Төрөгул Беков Кыргызстандагы министрликтердин жана бизнес тармагынын өкүлдөрү КТМУнун сутденттеринин талантына чоң маани берерин, бул студенттердин келечекте татыктуу жумушка орношуусу үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” Университетине колдоо көрсөтүүнү улантарын айтты.  

Ал эми ОсОО “Бай дыйкан” компаниясынын директорунун орун басары Илич Марсбек уулу “Манас” университетинин айыл чарба факультетинин студенттерин компаниясында практика өтөөгө, тажрыйба алууга чакырып, аларга стипендия берилерин кошумчалады.

Зыяраттын соңунда тараптар КТМУ менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту жана Кыргыз ирригация илим изилдөө институту менен протокол түзүү чечимине келишти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1HD_YjtrxV/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү