“Манас” телеканалынын бул жумадагы атайын коногу - профессор Олгун Чичек


  • 2023-12-21

2023-жылдын 15-декабрында “Манас” телеканалында коноктор Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, профессор Олгун Чичек болду. “Манас” телеканалынын мүдүрү, доцент Бүлент Намал программанын аталышын университетибиздин ураанынан шыктануу менен “Университеттен да артык!”- деп аталганын айтты.

30 жылдык илимий тажрыйбага ээ профессор Олгун Чичек эл аралык тармактагы тажрыйбалары жана “Манас” университетинин билим берүүдөгү жетишкендиктери тууралуу көрүүчүлөргө айтып берди.

Бүткүл карьерасы боюнча 10 ар башка өлкөдө иш алып барып, 24 өлкө менен түрдүү долбоорлордо иштеген профессор Олгун Чичек өзгөчө Америка, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүндө сапат жана аккредитация тармагында кеңешчилик кылганын айтты.

Профессор Олгун Чичек КТМУнун эл аралык аренадагы жетишкендиктерине басым жасап, университеттин интернационалдаштыруу процессиндеги маанилүү кадамдарына көңүл бурду. Мындан тышкары Туруктуу өнүгүү максаттарына багытталган изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн белгилеген профессор Олгун Чичек университетибизде түзүлгөн интернационалдаштыруу комиссиясы тарабынан ай сайын уюштурулган жыйындар аркылуу үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Программа “Манас” университетинин эл аралык аренадагы иш-аракеттерин кеңири аудиторияга жарыялоо менен интернационалдаштыруудагы маанилүү өнүгүү процесстерине жол ачты. Көрүүчүлөр университеттин дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери жана келечектеги максаттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1JKwddtxr1/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

Manas TV'de ''Bir Üniversiteden Ötesi'' Programı: 

https://youtu.be/ZCMwR4h5zg0

    Социалдык медиада бөлүшүү