"Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын сапарлары уланууда


  • 2023-12-22

Formun Üstü

"Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полаттын жетекчилигинде иш алып барган айыл тургундары менен жолугушуулардын алкагында бул ирет Чүй облусунун Сокулук районуна сапар тартышты. 2023-жылдын 21-декабрында Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында "Манас" университетинен барган делегация элет тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.

Ага бул жолу "Шейит Эрен Бүлбүл” атындагы ден-соолук борборунун кызматкери, доцент Гульфия Губайдуллина, инженердик факультетинен химия инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, профессор Ферхан Түмер жана ага окутуучу, доц.м.а.док. Эмил Омурзак уулу, ветеринария факультетинен илимий кызматкер Айдай Жунушова, теология факультетинин кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу катышып, университетибиз тууралуу жалпы негизги маалыматтарды беришти.

"Манас" университетинин Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полат бүгүнкү күндө окуу, үйрөнүү, билим алуу гана адамды бийиктикке жетелерин белгиледи. Профессор Кемал Полат окуу жайдын миссиясы тууралуу катышуучуларга маалымат берип, элет тургундарынын меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

КТМУнун инженердик факультетинен химия инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, профессор Ферхан Түмер окуучуларга кайрылып, мындай деди: “Бир улуттун өнүгүүсү үчүн калкы өнүгүшү керек. Кесипти туура тандоо менен өлкөгө зор салым кошкон болосуздар, андыктан өзүңүздөрдү өнүктүрүп, кесипти туура тандаңыздар,”-деген кеңешин айтты. Профессор Ферхан Түмер КТМУ студенттерге ар дайым жол көрсөтүп, колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө элет тургундарынын кызыктырган суроолоруна толук кандуу жана деталдуу жооп берилди. Жолугушуу элет тургундарына китептерди белекке берүү менен соңуна чыкты.

"Манас" университетинин делегациясы мындай иш-чаралар алдыда дагы улана берерин жана коом менен тыгыз байланышта болууну максат кылышаарын билдиришти.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1Ksf-nt4NS/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү