“Манас” университетинде алгачкы жолу онлайн мангала турнири


  • 2023-12-23

Кыргыз-Түрк “Манас” университети маданий жана спорттук иш-чаралардын алкагында уюштурган бири биринен өткөн кызыктуу иш-чаралардын катарын дагы бир кызыктуу иш-чара менен толуктады.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын техникалык колдоосу менен пландаштырылган онлайн мангала турнири 2023-жылдын 22-декабрында студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу E-Spor клубу жана КТМУнун Карьера кеңсеси тарабынан өткөрүлдү.

Университетибизде алгачкы жолу онлайн форматта өткөрүлгөн мангала турнири студенттер арасында чоң кызыгуу жаратты. “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында өткөн иш-чарада катышуучулар онлайн режиминде чогулуп, мангала оюну боюнча мелдеште кызуу атаандаштык жаратышты. Билим таймашы студенттерге ырахат тартуулоо менен күч сынашкан иш-чарага айланды.

“Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары жана карьера кеңсесинин координатору, доцент Мурат Эсендин айтуусунда, студенттердин стратегиялык ой жүгүртүү жана акыл-эс жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында мангала турнири уюштурулду. Ошондой эле бул турнирдин “Манас” университетинде биринчи жолу онлайн режиминде өткөрүлгөндүгүн жана кийинки жылдарда дагы улана тургандыгын билдирди.

Доцент Мурат Эсен жаштардын акыл-эс жөндөмдөрүн санариптик каражаттар менен өнүктүргөндөрүнө көңүл буруу менен: “Азыркы муундун жаштары санариптик каражаттар менен комплекстүү түрдө акыл-эс жөндөмүн өнүктүрүп жатышат. Бул багытта студенттерге тартуулаган киберспорт оюндары жана уюштурула турчу турнирлер менен биз алардын бул жааттагы потенциалын ачып, колдоо көрсөтүүнү улантабыз,”-деди.

E-Spor клубунун негиздөөчү, кеңешчиси жана окутуучу Ахмет Бугра Иналөз бул маанилүү кадамдын университеттин студенттерине бере турган баалуулугун баса белгилеп: “Түрк дүйнөсүнүн салттуу оюндарынын санариптик чөйрөдө орун алуусу биз үчүн абдан кубанычтуу. Мындай уюмдар студенттерге убакытты кызыктуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн гана сунбастан, ошол эле учурда аларга стратегияны, командада иштөөнү жана лидерлик жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет,”-деди жана клубдун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Онлайн мангала турнири 20 студенттин катышуусунда өттү. Чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер укмуштуудай көз ирмемдер менен коштолду. 8 топтон күчтүү оюнчулардын ортосундагы мелдеште стратегиялык кадамдар жана тактикалык чалгындоо алдыңкы планга чыкты.

Турнирде жеңишке жетишкен үч студент сертификаттар жана түрдүү белектер менен сыйланышты. Турнир студенттерди шыктандырган иш-чара катары эсте калды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1Kc9G5thGQ/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C1KixmDtyfn/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү