“Манас” университетинин китеп басылмаларын таанытуу жумалыгы башталды


  • 2023-12-24

2023-жылдын 22-29-декабрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде китеп басылмаларын таанытуу жумалыгы өтүп жатат.

Экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде башталган иш-чара университетибиздин ректораты тарабынан уюштурулууда.

Быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан жазылып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Редакциялык басма бөлүмү тарабынан басылып чыккан 300гө жакын китеп жана журналдар окурмандар менен жолугушууда.

Китептерде ар түрдүү дисциплиналар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган маалыматтар камтылган.

Академиялык дүйнөнүн алдыңкылары өздөрүнүн адистик тармагы боюнча жазган эмгектери менен өзгөчөлөнүп, катышуучуларга кенен маалымат булагын тартуулашууда.

Ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Догандын зор салымы менен өткөрүлгөн аталган иш-чара экономикалык жана башкаруу факультетинин фойесинде 29-декабрга чейин уланмакчы.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1NHx8-ty9D/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү