“Манас” гезитинен кайрымдуулук


  • 2023-12-25

2023-жылдын 22-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттери, “Манас” гезитинин жамааты кенже илимий кызматкер Зеки Окйай менен биргеликте 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун алдындагы  Януш Корчак реабилитациялык борборуна барышты.

Иш-чара кайрымдуулук кылуу жана балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

Реабилитациялык борбордун тарбиячысы КТМУнун студенттерин мекеме менен тааныштырып, балдардын жашоо-шарты тууралуу маалымат берди. Аталган борбордо 7 жаштан 20 жашка чейинки 40тан ашуун майыптыгы бар балдар тарбияланат.  Алар үчүн студенттер тарабынан чакан көңүл ачуучу программа уюштурулуп, атайын даярдалган белектер тартууланды.

“Манас” гезитинин жамааты коммуникация факультетинде алган билимин практикада колдонуу менен биргеликте түрдүү кайрымдуулук иш-чараларын ишке ашырып келет.

Эске сала кетсек, “Манас” гезитинин курамы 2023-жылдын 8-декабрында кайрымдуулук иш-чарасы менен Бишкектеги “Оберег” реабилитациялык борборуна барып кайтышкан.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1RLaAbNs7m/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү