Университетибизде факультеттерди баалоо жыйналыштары өткөрүлдү


  • 2023-12-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигинде факультеттерди баалоо жыйналыштары өткөрүлдү. Ректораттагы жыйындар залында өткөрүлгөн жыйналыштарда университетибиздин 2024-жылга карата миссиясы, көз карашы жана максаттары тууралуу сөз болуп, маалымат алмашылды.

Ошондой эле университетибиздин интернационалдаштыруудагы жетишкендиктери баса  белгиленип, профессордук-окутуучулук курамдын  ак эмгегине көңүл бурулду. Ар бир жолугушуу жемиштүү өткөрүлүп, ректордун кеңешчилери профессор Серхат Бурмаоглу жана профессор Олгун Чичек да катышты.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1R615ntPLd/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү