“Манас” университетинин айыл тургундары менен жолугушуулары уланууда


  • 2023-12-26

2023-жылдын 25-декабрында “Манас”университетинин делегациясы Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчилигиндеги “Айыл тургундары менен жолугушуулар” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка жана Гавриловка айылдарын зыярат кылышты.

“Манас”университетинин делегациясы Новопавловка гимназия орто мектебинде жана Гавриловка мектеп-комплексинде элет тургундары менен жолугушуп, маанилүү жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда делегациянын курамын инженердик факультетинен өнөр-жай инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, доц.м.а.док. Селчук Гөрен, электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнөн доц.м.а.док. Эрхан Сезгин, ветеринария факультетинен профессор Али Ришванлы жана илимий кызматкер Айдай Жунушова, айыл чарба факультетинин зоотехния бөлүмүнөн Док. Нурлан Маматов,  теология факультетинин кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу түздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө “Манас”университетинин өкүлдөрү жалпы негизги маалымат берип, заманбап билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө элет тургундары менен маалымат бөлүшүштү.

Айыл чарба факультетинин зоотехния бөлүмүнөн Док. Нурлан Маматов  өз сөзүндө айыл чарба факультети тууралуу маалымат берип, буларга токтолду: “Биз жеп жаткан мөмө-жемиш, жашылчанын баары айыл чарба факультетинин күнөсканасында жыл бою өстүрүлөт. Студенттерибиз да теориянын негизинде гана билим алып тим болбостон, иш жүзүндө процесске аралашып, кесипкөй адис болуп чыгышат.”

Чогулуштар айыл аймагынын жашоочуларынын суроолоруна жооп берүү менен соңуна чыкты. “Манас” университетинин “Айыл тургундары менен жолугушуулар” долбоору  туруктуу өнүгүүгө эбегейсиз чоң салым кошууну улантууда.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1U4yN7NnFP/?utm_source=ig_web_copy_link

    Социалдык медиада бөлүшүү